Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:37

Литвада парламенттик шайлоо өттү


Бул жолку добуш берүү - өлкө Европа Биримдигине жана НАТОго мүчө болуп киргенден кийинки алгачкы шайлоо.

Эки жарым миллиондон ашуун шайлоочу бүгүнкү иш-чарада 141 орундуу парламентке татыктуу деп эсептеген депутаттарды тандап алышы керек. Азырынча коом пикирин билүү үчүн өткөрүлгөн сурамжылоолордо айтылгандай парламентте көбүрөөк орунду орусиялык ишкер Виктор Успаских жетектеген Эмгек партиясынын өкүлдөрү ээлеши мүмкүн.

Ал эми анын артынан премьер-министр Аргирдас Бразаускастын жетекчилигиндеги бийлик партиясынын коалициясы - социал-демократтар менен социал-либералдар – келатышат.

Өткөн жумада - шайлоонун алдында Литванын президенти Волдас Адамкус партиялардын лидерлерин батыштык нуктагы башкарууну сактоого чакырган.

XS
SM
MD
LG