Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:58

Эларалык уюмдар шайлоону “мыйзамсыз” деп табууга каршы


Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму Ооганстандагы президенттикке талапкерлердин шайлоого нааразылыгын негизсиз деп тапты.

Шайлоонун жүрүшүнө көз салган ЕККУнун өкүлү Роберт Барринин айтымында, европалык эксперттердин жана өзүнүн байкоосунун негизинде ал ушундай жыйынтыкка келген:

-Миллиондогон адамдар катышкан шайлоонун акыркы жыйынтыктарын билбей туруп, аны мыйзамсыз деп табуунун өзү, менимче, туура эмес.

Роберт Барринин пикиринде, шайлоонун мыйзамдуулугуна шек келтирүүчү баардык көрүнүштөрдү өлкөнүн шайлоо мыйзамдарынын чегинде гана кароо зарыл. Ал эми шайлоону өткөрүшкөн чиновниктер нааразылыктарга карабай, баары бир добуштарды эсептөө улантыла берээрин айтышты.

Бириккен улуттар уюму менен Ооганстан ортосундагы Шайлоону уюштуруу боюнча биргелешкен комитет да боёкту колдонуу - добуш берүү жараянында каралган көптөгөн эрежелердин бири гана болгондугун айтып, анда жаралган проблема шайлоонун жыйынтыгын толук жокко чыгара албайт деп билдирди.

9-октябрда Ооганстанда өткөн президенттик шайлоо учурунда адамдардын бармак башын сыя менен боёп, мөөрүн бастыруудагы иш бир топ эле талаш-тартыштарды жараткан. Ал сыяны оңой эле өчүрүүгө мүмкүн экендигин эске алышкан 15 талапкер, башкача айтканда, Хамид Карзайдан башка баары шайлоону токтотууну талап кылышкан. Анткени алардын оюнда сыяны өчүрүү мүмкүн болгондон кийин, бир жолу добуш берген адам кайра экинчи жолу да добуш берген эмес деп эч ким кепил боло албайт.

10-октябрда талапкерлердин бири Хажи Мохаммед Мохакык Reuters маалымат агенттигине берген интервьюсунда сөзсүз иликтөө ишин жүргүзүү зарылдыгын айтты:

- Мен Бириккен улуттар уюмуна бул ишти иликтөө боюнча айрым талапкерлер менен биргеликте көз-карандысыз комиссия түзүү өтүнүчү менен кайрылам. Эгерде комиссия шайлоону мыйзамсыз болду деп тапса, анда кайрадан шайлоо өткөрүүгө туура келет.

Өз кезегинде, ырасмий Вашингтон Ооганстандагы президенттик шайлоону мактап, “бул чынында эле чоң иш болду” деди.

Добуштарды эсептөө иши өлкөнүн алыскы райондорунан бюллетендер толук топтолгондон кийин гана дүйшөмбүдө башталышы мүмкүн.

Пакистандагы ооган качкындарынын 80% шайлоого катышты. Бул тууралуу бүгүн Миграция боюнча эл аралык уюмдун өкүлү Питер Эрбен билдирди. “Бирок шайлоого ооган качкындарынын арасында аялдар аз келишкендиги өкүнүчтүү” деди ал. Уюм билдиргендей, Иранда жашаган ооган качкындарынын жарымынан көбү атуулдук милдетин аткарган.

XS
SM
MD
LG