Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:18

Барымтадагы британиялык Кеннет Бигли мууздалды


Өткөн айда барымтага алынган британиялык Кеннет Бигли тууралуу жаңы видеотасма таркатылды. Анда Бигли Британиянын премьер-министри Тони Блэрге кайрылып, аны бошотууга жардам берүүсүн суранат. Ал Блэрди бул үчүн аракет кылбай жатат деп күнөөлөйт.

- Блэр мырза, мен кайрадан сизге жана сиздин өкмөтүңүзгө кайрылып жатам. Менин жашоом аяктап баратат. Сиз мени бошотуш үчүн эч кандай деле аракет көрбөй жатасыз. Мен жөнөкөй адаммын жана өзүмдүн үй-бүлөм менен жөнөкөй эле өмүр сүргүм келет,-деди Бигли.

Андан кийин анын артындагы үч адам Биглини былк эттирбей кармап турушту. Дагы бирөөсү Батышты айыптаган сөз сүйлөп, андан ары бычагын сууруду да, Биглини мууздап салды...

Британиялык Кеннет Бигли эки америкалык менен бирге барымтага алынган эле. Барымтачылар америкалыктарды өлтүрүшкөн. Алар Британ өкмөтүн эгерде Ирактын "Абу-Грейб" түрмөсүндөгү ирактык аялдар бошотулбаса, британиялык атуул да өлтүрүлөөрүн айтышкан болчу. Барымтачылар талаптары орундалбаган соң Биглинин жанын кыйышты.

XS
SM
MD
LG