БИШКЕК. Бүгүн өтүп жаткан жергиликтүү кеңештерге шайлоого байланыштуу орчундуу мыйзам бузуулар катталган жок. Кээ бир округдардан арыздар жана даттануулар түштү. Аларды комиссия жеринде териштирүүдө. Мисалы, Бишкек шаарындагы 56-мектепте жайгашкан №1089 шайлоо участогунда шайлоочулардын тизмесинин жазылыш сапатына добуш берүүчүлөр нааразылык билдиришкен. Ошондой эле Бишкектен жер оодарып кеткендердин жана каза болгондордун аты-жөнү жазылган чакыруу баракчалар таратылган фактылар кезиккен. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.