Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:28

Жалалабадда 69,3% шайлоочулар келишти


ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад облусунун шайлоо жана референдумду өткөрүү боюнча комиссиясы 10-октябрда облуста жергиликтүү кеңештерге шайлоо болуп өткөндүгүн жарыялады. Алдын ала алынган маалыматтарга ылайык облустагы 466 миң 822 шайлоочунун 69,3% шайлоого катышты. Тогузторо районунда 75%, Чаткал районунда 72%, Алабука районунда 70% шайлоочулар добуш беришкен.

Облустагы айыл, шаардык кеңештерге 1225 депутаттык орун үчүн 2378 атуул, анын ичинде 376 аял жана саясий партиялар менен коомдук уюмдардын 800 ашуун мүчөсү талапкер болгон.

Шайлоонун так жыйынтыгы участкалык шайлоо комиссияларынын чечимдерине ылайык кийинчерээк чыгарылмакчы. Коомдук уюмдардын өкүлдөрү облустагы жергиликтүү шайлоо мыйзам бузуулар менен өткөндүгүн белгилешүүдө.

XS
SM
MD
LG