Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Быйыл пахтанын арзандыгына Оштук дыйкандар кабатыр


ОШ. Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин айыл чарба бөлүмүнөн алынган маалымат боюнча, Ош облусунда пахта өткөн жылдагыдан 2352 гектар аянтка арбын эгилген. Анткен менен пахта чигити, жер семирткич, күйүүчү май кымбат болгондуктан пахтаны өндүрүү үстүбүздөгү жылы кыйла кымбатка түштү. Андан да өкүнүчтүүсү пахтанын баасы быйыл кескин арзан болууда. Быйыл 11-сентябрда пахта терүү башталып, пахтанын алгачкы баасы 11-12 сом болсо, бир айдан кийин 11-октябрда болгону 3 сомго гана көбөйүп, 14 сом, кээ бир жерде 15 сом болууда. Эң негизги критерий дүйнөлүк биржаларда быйыл пахтанын баасы арзан. Ош облусунда өндүрүлгөн пахтанын 60 пайызы Орусияга кетет. Ошондуктан кайра иштетүүчү жергиликтүү заводдор Орусияга карап пахтаны арзанга алууга аргасыз болуп жатат. Пахтанын азыркы баасы чыгымды толук артырбагандыктан, дыйкандар өз продукцияларын эртеңкиден үмүт этип, азыр өткөрбөй колдо кармоого да аракеттенип жатышат.

XS
SM
MD
LG