Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:21

Таласта төө буурчакты сатып алууда атаандаштык күчөдү


ТАЛАС. Өсүмдүктөрдүн карантини боюнча облустук мамлекеттик инспекциядан 11-октябрь күнү алынган маалыматка караганда, ушул мезгилге чейин Талас облусунан чет өлкөлөргө 15 миң 500 тонна төө буурчак экспортко жөнөтүлдү. Мунун ичинен 120 тонна Болгарияга, 64 тонна Орусияга, калганы бүт Түркияга экспорттолгон. Дыйкандардан төө буурчакты юридикалык жана жеке адамдар болуп бардыгы 38 субъект сатып алып жатат. Атаандаш түркиялык фирмалардын ичинен жоопкерчилиги чектелган «Яузер» коому эң көп сатып алып, алдыда. Атагы белгилүү «Робин» фирмасынын алдындагы Талас айыл чарба кооперативи экинчи, жоопкерчили чектелген «Тугра» коому үчүнчү орунда. Бирок дыйкандардын божомолунда, бул коомдордун бардыгы эле «Робиндин» канатынын астындагы уюмдар болушу мүмкүн, анткени төө буурчактын эң өтүмдүү сортунун бир килограммы үчүн баасы 16 сомго келип токтоп калды.

XS
SM
MD
LG