КАРАКОЛ. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жоомарт Барктабасовдун айтымында шайлоого облус боюнча 112 миң 781 адам же шайлоочулардын 58,56 пайызы катышты. Айрым көз карандысыз байкоочулардан жана жергиликтүү кеңештерге депутаттыкка талапкерлердин ишенимдүү адамдарынан алынган маалыматтарга караганда, бул жолку саясий өнөктүк бийлик органдарынын күчкө салуулары менен өттү. Ага бийликти жактаган саясий партиялардан, коомдук кыймылдардан гана жергиликтүү кеңештерге талапкерлер көрсөтүлгөну далил. Маселен, «Алга, Кыргызстан!» партиясынан 186, «Адилет» партиясынан 128, ал эми «Жаңы күч» саясий партиясынан 205 адам депутаттык мандат үчүн шайлоочулардын добушун алуу талабы менен күч сынашты.