НАРЫН. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Аманкул Молдалиевдин айтымында,толук жыйынтык жума аягында чыгат. Ал эми Нарын шаардык кеңешке төрт мандаттуу округдан 28 талапкер үчүн шайлоочулардын 50 пайызы добуш берди,- дейт Нарын шаардык шайлоо комиссиясынын жооптуу катчысы Кенже Сатыбалдиева. Шайлоо учурунда көз карандысыз байкоочуларды даярдаган «Демократия жана жарандык коом үчүн» коалициясынын өкүлдөрүнө 16 акт, бир арыз жана Нарын райондук шайлоо комиссиясына эки акт, бир арыз түшкөн. Ал эми шаардык шайлоо комиссиясына талапкерлердин өздөрүнөн жана байкоочулардан айрым участоктордогу бюллетендерди кайра саноону сунуштаган төрт арызы түшкөн.