ЖАЛАЛАБАД. Жалалабад шаардык кеңешке шайлоого тизмеге кирген 41 миң шайлоочунун 70% катышты. Натыйжада шаардык парламентте отурууну каалаган 98 талапкердин ичинен 30 депутат тандалып алынды. Алардын арасында бир аял, орус улутунун бир, «Алга, Кыргызстан!», «Менин өлкөм», «Адилет» партияларынын өкүлдөрү болгону менен оппозициялык маанайдагы «Ата мекен», «Компартия», «Эрк» партияларынын бир дагы талапкери шайланган жок. Коомчулук менен айрым саясий уюмдар шайлоо башаламан, иретсиз өткөндүгүн белгиледи. Облустук шайлоо комиссиясы Жалалабаддан башка айыл, шаардык кеңештердин шайлоосунун толук жыйынтыгы 13-октябрда белгилүү болорун билдирди.