БАТКЕН. 11-октябрда кыргыз-өзбек чегарасын аныктоо боюнча өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отуруму Баткен облусунун Кадамжай шаарчасында башталды.Ага Баткен облусунун губернатордун орун басары Шадыбек Бакыбеков баштаган топ катышууда. Анын маалыматына караганда, отурумдун жүрүшүндө Баткен жана Кадамжай району менен Өзбекстандын Сох районунун ортосундагы талаштуу деп эсептелген аймактар каралышы мүмкүн. Талаштуу аймактар маселе ушул жылдын июнь айындагы отурумда да каралып, эки тарап бир пикирге келе алышпагандыктан кийинки отурумга калтырылган. Кадамжайда башталган бул жолку отурум 15-октябрга чейин уланат. Баткен облусу Өзбекстандын алты району менен чектешип, андагы мамлекеттик чек аранын узундугу 375 чакырым арылыкты түзөт. Ал эми жалпы узундугу 1 миң 295 чакырымды түзгөн кыргыз-өзбек чек арасынын 1000 чакырымы буга чейин делимитацияланган.