Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:09

Германиянын Бундестагынын делегациясы Бишкекте


БИШКЕК. Бүгүн Кыргызстанда Германия Федеративдүү республикасынын Бундестагынан келген делегациянын визити башталды.Бундестагдын вице-президенти Антье Вольмер жетектеген делегация менен бүгүн президент Аскар Акаев, Жогорку Кеңештин кош палатасынын спикерлери, өкмөт башчы Николай Танаев жана Тышкы иштер министри Аскар Айтматов жолугушту. Президент Аскар Акаев жолугушууда Германия Кыргызстандын тышкы саясатындагы башкы жана келечектүү өнөктөш» деп баалап, берген жардамдары үчүн ыраазычылык билдирди. Ал эми Антье Вольмер айым Кыргызстанда демократиялык реформанын жүрүшү, анын ичинде бийлик структурасындагы өзгөрүүлөргө кызыкты. Парламенттеги жолугушууларда Кыргызстандагы аз сандагы улуттардын абалы, мектеп менен жогорку окуу жайларда немец тилин окутуу маселеси талкууланды. Германия Кыргызстан менен алака түзгөндөн бери 160 миллион евролук техникалык жана финансылык жардам берген.

XS
SM
MD
LG