Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:24

Орус аскерлер Ингушетиядагы коогада эки кишини атып өлтүрүштү


Назрандагы атышууда үчүнчү киши колго түштү. Ассошиэйтед Пресстин билдиришинче, куралчандар куралын таштоону талап кылган орус аскерлерине ок ачышкан. Федералдык Коопсуздук кызматынын маалымат катчысы, генерал-майор Иля Шабалкиндин айтымында, аскерлер окко ок менен жооп кайтарышкан. Атышууда эки аял, алты жаш бала жеңил жараат алды. Шабалкиндин сөзү боюнча, өлтүрүлгөн куралчандардын бири – Магомед Хашиев деген Назранда июнь айында полиция бекеттерине кол салууларга катышкан имиш. Ал чабуулдарда 90дой киши курман болгон.

XS
SM
MD
LG