Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:33

Литвада парламенттик шайлоодо оппозиция алга озуп чыкты


Жумушчу партиясы кечээки добуш берүүнүн биринчи айлампасында дээрлик 30 пайыз менен биринчи болуп келди. Бийликтеги борборчул-солчул коалиция добуштардын 21 пайызын алды. 2 миллион 600 миң шайлоочунун 45 пайызы шайлоого катышты.

Жумушчу партиясынын жол башчысы, теги орусиялык бизнесмен Виктор Успаскич бул партияны былтыр түзүп, коррупцияны түп-тамырынан жоем деп сөз берген. Келерки айлампа эки жумадан кийин өткөрүлөт. Ага чейин Жумушчу партиясы башка партиялар менен жаңы коалиция түзүүнү талкуулайт деп күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG