Президент Карзайдын 15 чакты атаандашы ишембидеги шайлоодо мыйзам бузуулар болду деп азырданып, шайлоо жыйынтыгын таануудан баш тартышууда. Учурда талаштуу шайлоо боюнча сүйлөшүү жүрүп жатат. АКШнын Ооганстан боюнча арачысы Залмай Хализад Карзайдын атаандаштарын шайлоонун жыйынтыгын таанууга чакырды. Ал эми шайлоо комиссиясы мыйзамсыз добуш берүүлөр иликтенгенге чейин, шайлоонун жыйынтыгын чыгарууга шашылбай тургандыгын билдирди.
ЭККУнун байкоочусу Жонн Хвидегард шайлоочулардын активдүүлүгүн эске алууга чакырды:
- Техникалык каталар болду, бирок бул Ооганстандагы алгачкы шайлоо экенин эске алганда, жалпысынан шайлоо жакшы эле өттү. Айрыкча шайлоочулардын мыкты катышканы мени шыктандырды.
Бириккен Улуттардын маалымат катчысы Маноел де Алмеида е Силва сүйлөшүүнүн алгачкы жыйынтыгы бир жумада чыгып калышы мүмкүн деди.