Евробиримдиктин аткаруучу органы - Евркомиссия Түркия менен уюмга мүчөлүк маселеси боюнча сүйлөшүү баштоону өткөн аптада жарыяланган отчетунда сунуштаган. Евробиримдикке мүчө өлкөлөрдүн лидерлери кароочу сунуштаТүркия менен сүйлөшүүнүн мөөнөтү чексиз экендиги айтылган, ошондой эле Түркия жарандарынын Евробиримдиктин аймагында иштөөсү үчүн катуу чектөөлөр каралган. Өлкөнүн юстиция министри Жемиль Чичектин айтымында, Анкара Еврокомиссиянын доклады оңдолушун көздөйт. Түрк өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган болсо Евробиримдикти анын өлкөсүнүн алдына адилет жана жеңил шарттарды коюуга чакырды.
Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.
Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.