Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 19:17

Сергей Багапш Абхазиядагы президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыяланды


Шайлоо 3-октябрда өткөрүлгөн, бирок талаш–тартыштарга байланыштуу жыйынтык чыгарылбай жаткан эле. Республиканын Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ кабыл алган документке ылайык "Черноморэнерго" деген компаниянын башчысы Сергей Багапшты шайлоочулардын 50%дан ашыгы колдогон, экинчи орунга республиканын мурдагы премьер-министри Рауль Хаджимба чыкты. Ал олуттуу мыйзам бузуулар болду деп эсептегендиктен шайлоону жараксыз деп табууну өтүнүп, Абхазиянын Жогорку cотуна кайрылган. Бирок Борбордук шайлоо комиссиясы жалгыз Гали районунда кайра добуш берүү өткөрүүгө макул болгон.

Абхазия – Грузиянын жикчил республикасы, эларалык коомчулук тарабынан таанылган эмес.

XS
SM
MD
LG