ЧУКУЛ КАБАР!
25-Ноябрь, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:07

Иракта барымтадан күрд жана түрк улутундагы эки адам өлтүрүлдү

"Ансар ал-Сунна армиясы" деген исламчыл топ барымтада турган түркиялыкты жана анын күрд улутундагы котормочусун америкалык аскерлер менен кызматташканы үчүн башын алганын маалымдады. Бул кабар камтылган видеотасманы "ал-Жазира" телеканалы көргөздү. Телеканалдын айтымында, аларда согушкерлер барымтадагы түрк менен күрддүн башын алып жатканы тартылган тасма да бар, бирок анда өтө мыкаачылык чагылдырылгандыктан эфирге чыгарган жок.
​
XS
SM
MD
LG