Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:52

Багдаддын Садр районундагы шийит согушкерлери куралдарын өткөрүүнү баштады


Бул иш – чара январь айына белгиленген шайлоо алдында кагылыштарды токтотуу үчүн куралын тапшыргандарга акча төлөөнү караган программанын алкагында өз ара жетишилген макулдашууга ылайык жүргүзүлүүдө. Шийиттердин радикал динаятчысы Моктада ас- Садрдын согушкерлеринин куралсыздануусу үчүн берилген беш күндү алгачкы күнү – дүйшөмбүдө алар ирак полициясына оор жана орто куралдарынын канчасын өткөргөнү азырынча белгисиз. Мунун аралыгында бүгүн эртең менен америкалык аскерлердин аба соккусунан Фаллужа шаарында коомдук тамактануу жайларынын бири бузулганы кабарланды. Жоготуулар жөнүндө маалымат түшкөн жок. Америкалык командачылыктын билдирүүсүндө бутага теги иорданиялык согушкер Абу Мусаб ал-Заркаунин адамдары жолугушуучу жер алынганы айтылган. Багдадда болсо кечээ ракеталык чабуулдан АКШнын эки жоокери, ал эми Мосул шарында жанкечти айдаган автоунаанын жарылуусунан америкалык бир аскер жана эки ирактык каза тапты.

XS
SM
MD
LG