Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:10

Энергетика тармагын менчиктештирүү маселеси чечиле элек


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин Мыйзам чыгаруу палатасы бүгүн энергетика тармагын менчиктештирүүнүн төртүнчү баскычы жөнүндөгү программаны талкуулоо маселесин чече алган жок. Буга оппозициячыл маанайдагы депутаттардын буга чейинки менчиктештирүүнүн жыйынтыгын талдап туруп, анан натыйжасы жакшы болсо гана программаны карайлы деген сунушу себеп болду.

Ал эми бул сунушка чейин палата төрагасы Абдыганы Эркебаев баштаган депутаттар Конституциянын 65-беренесине ылайык президент менен өкмөт сунуштаган мыйзамдар кезексиз каралыш керек дешип, энергетика тармагын менчиктештирүү маселесин дароо кароону сунуш кылышкан эле. Талаш көпкө созулуп, дароо карайлы деген сунуш добушка коюлганда ал колдоо тапкан жок.

Ушундан улам программаны кароо маселеси бейшемби күнгө калды. Ал эми буга чейинки менчиктештирүүнүн натыйжасын баалоо боюнча депутаттык комиссия түзүү маселеси эмки дүйшөмбү күнү чечиле турган болду.

XS
SM
MD
LG