Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 14:24

Израил Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтөт


БИШКЕК. 12-октябрда премьер-министр Николай Танаев Израилдин Кыргызстандагы элчиси Михаэл Лотем менен жолугушту. Анын жүрүшүндө эки тараптуу саясий, соода-экономикалык жана илимий-техникалык кызматташтык тууралуу маселелер талкууланды. Премьер-министр Израил өкмөтү Кыргызстандын айыл чарбасындагы өндүрүүчүлөргө колдоо көрсөтүү багытында “Машав” программасынын иш аракеттерине токтолду. Өндүрүш тармагында жана кен байлыктарын казып алууга көмөк көрсөтүп жатканын белгиледи.

Михаэл Лотем Израил Кыргызстандын айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча бир нече долбоор ишке ашырылаарын жана мал чарбасын өнүктүрүүгө салым кошорун билдирди. Саламаттык сактоо жаатында да бир катар иш чаралар жүргүзүлөөрүн маалымдады.

XS
SM
MD
LG