Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:34

Тышкы иштер министрлигинин 60 жылдыгы белгиленди


БИШКЕК. 12-октябрда Абдылас Малдыбаев атындагы Улуттук опера жана балет театрында Тышкы иштер министрлигинин 60 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленди. Мааракеге байланыштуу элдик дипломатиянын тарыхы жана учурдагы эларалык деңгээлин камтыган даректүү кинотасма көрсөтүлдү.

Салтанатта мамлекет башчысы Аскар Акаев министрликтин жамаатын куттуктап, 2005-жыл Кыргызстандын дипломатиялык жылы болуп жарыяланаарын билдирди.

Ал эми тышкы иштер боюнча биринчи эл комиссары Казы Дыйканбаев тышкы саясат кызматынын алгачкы уюштурулган мезгилине токтолду.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы дипломатиялык байланыш жана анын келечеги тууралуу жылуу пикирин билдирди.

Маараке соңунда Дипломатиялык академиянын ректору Нургазы Кемелбаев “Даңк” медалы, Тышкы иштер министринин орун басары Талант Кушчубеков ардак грамотасы менен сыйланды.

Дипломатиялык академиянын биринчи бүтүрүүчүлөрүнө диплом тапшырылды. Салтанатка Кыргызстандагы чет өлкөлөрдүн атайын ыйгарым укуктуу элчилери катышты.

XS
SM
MD
LG