Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:38

Сергей Лавров Кыргызстанга ырасмий сапар менен келди


БИШКЕК. 12-октябрда тышкы иштер министрлигинде кыргыз-орус кызматташтыгы талкууланган жыйын өттү. Анын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Аскар Айтматов менен Сергей Лавров Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы кызматташтык, эларалык терроризмге, экстремизмге каршы биргелешип күрөшүүнүн мындан аркы жолдору, КМШны реформалоонун багыты тууралуу маселелерди талкуулашты.

Айтматов Бактериологиялык жана ууландыруучу куралдарды иштеп чыгууга, өндүрүүгө жана топтоого тыюу салуу жана жок кылуу тууралуу конвенцияга Кыргызстандын кошулганын кепилдеген грамотаны Сергей Лавровго тапшырды.

Сергей Лавров Кыргызстанда орус улутундагы атуулдардын абалы дурус экендигин белгиледи.

Ноябрь айында Орусияга Кыргызстандын президенти Аскар Акаевдин иш сапарына байланыштуу даярдыктар тууралуу да сөз болду.

Ушул эле күнү Орусиянын тышкы иштер министрин Кыргызстандын өкмөт башчысы Николай Танаев кабыл алды. Жолугушууда эки мамлекеттин соода-экономикалык жана аскердик-техникалык кызматташтыгы тууралуу маселелер козголду.

XS
SM
MD
LG