Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июнь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:44

Сауд Арабияда ок атышуу болуп, үч лашкер өлтүрүлдү


Сауд Арабиянын борбору Эр-Рияд шаарында бүгүн эртең менен коопсуздук кызматынын аскерлери бир үйгө чабуул жасап, жети аял жана баланы бошотту. Генерал Мансур Түркинин айтымында, үйдү коргогон согушкерлер менен ок атышуу да болуп, үч лашкер өлтүрүлдү. Туткундар эмне себептен ал үйдө кармалганы тууралуу генерал айткан жок. 2003-жылдын май айынан бери Саудиянын коопсуздук кызматы "ал-Каиданын" согушкерлери менен кармашууда, андан бери өлкөдө 160 адам өлдү.

Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Нарын Айып даярдады.

XS
SM
MD
LG