Тажикстандын Баңги заттар боюнча агенттиги бүгүн тараткан маалыматка караганда, чет өлкөлөрдө анын бир нече жаңы бюросу ачылат. Тажик агенттиги өзүнүн өкүлчүлүктөрүн Ооганстан менен Орусиянын борборлору Кабул менен Маскөө, андан тышкары Орусиянын Санкт-Петербург жана Екатеринбург шаарларында ачууга даярданууда. Жакында агенттик Алматы шаарында дагы өз бюросун ачкан.