Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:25

Югославиянын мурдагы президентине каршы сот кайра башталды


Югославиянын мурдагы президенти Слободан Милошевичке каршы сот бүгүн Гаага шаарында кайра башталды. Мындан бир ай мурда Милошевичти коргоо үчүн атайын адвокаттар дайындалган жана алар иш менен таанышуу үчүн тыныгуу алган. Ага чейин болсо Милошевич сотто өзүн өзү коргоп келген жана адвокаттардын дайындалышына каршы чыккан.

1990-жылдарда Хорватия, Босния жана Косоводо болгон согуштар учурунда Милошевич аскерий кылмыш жасаган деп айыпталууда жана ага 66 ар башка күнөө коюлган.

XS
SM
MD
LG