Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:01

Америкалык аскерлер Иракта бир ресторанды бомбалап жок кылды


12-октябрга караган түнү америкалык учактар Ирактын Фаллужа шаарындагы бир ресторанды жана анын жанындагы үйдү бомбалагандан ресторандын эки кайтаруучусу курман болду. Америкалыктардын айтымында, ал жерде Абу Мусаб ал-Заркавинин жоокерлери жашынган. Бомбалар түшкөндөн кийин экинчи да жарылуу болгон жана америкалыктардын айтымында, ал жерде бир топ курал катылган жана ошолор жарылган.

Заркавинин башы үчүн АКШ 25 миллион доллар сыйлык жарыялаган.

Каим менен Хит айылдары да бүгүн абадан бомбаланды, андан кеминде 17 адам набыт кетти. Рамади шаарында америкалыктар жети мечитти тинтип, Абдел A'лим ал-Саади аттуу динаятчыны кармады. Багдаддын Садр-Сити аймагында болсо имам Муктада ас-Садрдын жоокерлери эки күндөн бери оор куралын өкмөткө тапшырып жатат. Ирактын түштүгүндөгү Басра шаарында дагы бүгүн жарылуу болгондон жети адам жараат алды.

XS
SM
MD
LG