"Интерфакс" агенттигинин маалыматына караганда, өкмөт "ЮКОС"тун мунай өндүрүүчү негизги ишканасы болгон – "Юганскнефтегаз"тын мүлкүнүн бир бөлүгүн сатат. Андан канча каражат түшөөрү беймаалым. "Ассошейтед пресс" агенттигинин кабары боюнча өкмөт "Юганскнефтегазды" 10,4 миллиард долларга баалоодо. Орус өкмөтүнүн эсебинде "ЮКОС" 2000-2001-жылдары салыктан 7 миллиард долларды жашырган. Ал эми компания өкүлдөрү мындай айыптоолорду четке кагууда. Алардын пикиринде, өкмөт "ЮКОС"ту банкрот кылууну көздөп жатат.
Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.
Дүйнөдөгү соңку жаңылыктарды Прагадан Улан Эшматов даярдады.