Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Абхазияда шайлоо чатагы уланууда


Республиканын азыр кызматтагы президенти Владислав Ардзинба Борбордук шайлоо комиссиясы оппозициячыл талапкер Сергей Багапшты президенттик шайлоонун жеңүүчүсү деп жарыялашын мыйзамсыз чечим катары баалап, айыптады.

Сергей Багапш 3-октябрда өткөн шайлоодо добуштардын 51%га жакынын алып, жеңүүчү болгону кечээ жарыялаган. Ал эми Сергей Багапштын башкы атаандашы - өкмөттүн талапкери, мурдагы премьер- министр Рауль Хаджимба шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгондуктан жараксыз деп табылыш керек деп эсептейт. Абхазиянын азыркы өкмөт башчысы Нодар Хашба да БШКанын чечимин сынга алып, акыркы сөздү Жогорку сот айтыш керектигин белгиледи.

XS
SM
MD
LG