Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:48

Ооганстанда президенттик шайлоонун добуштарын саноо бүгүн башталышы мүмкүн


Ал үчүн шайлоо бюллентендери жер-жерлерден Кабулга алынып келүүдө. Шайлоо комиссиясындагы өкүлдөрдүн айтымында, алар санакты баштоого даяр, бирок буйрукту күтүп жатышат. Андай буйрук балким бүгүн берилиши мүмкүн. Ооганстанда 9-октябрда өткөн биринчи президенттик шайлоонун добуштарын саноо оппозициячыл талапкерлердин шайлоо мыйзам бузуулар менен коштолгондугу жөнүндөгү дооматтарынан соң токтотулган эле.

Мыйзам бузуу фактыларын эми үч адамдан турган көз карандысыз эл аралык комиссия иликтегени жатат. Азыркы президент Хамид Карзайдын башкы атаандашы, мурдагы ички иштер жана билим министри Юнис Канунини кошкондо бир нече талапкер, көз карандысыз комиссиянын тыянагын кабыл аларын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG