Линктер

жекшемби, 25-июнь, 2017 Бишкек убактысы 16:51

Нарында бюллетендер кайра саналууда


НАРЫН. Нарын шаардык шайлоо комиссиясынан алынган маалыматка караганда, шаардагы жети округдун алтоонон арыз-билдирүүлөр келип түшкөн. Арыздар негизинен бюллетендерди кайрадан текшерип, тактап, саноо талабында жазылгандыктан шаардык шайлоо комиссиясы 13-октябрда №1-чыгыш округундагы участкалардын бюллетендерин ачып, добуш берүүнүн жыйынтыгын кайрадан санай башташты. Маселен, күндүн жарымына чейинки мезгилинде "Мунайзат" шайлоо участкасындагы бюллетендерди кайрадан тактоо жүргүзүлгөндө участкалык шайлоо комиссиясы тарабынан жараксыз деп табылган бюллетендердин арасынан тогуз бюллетень жарактуу бюллетень катары аныкталды. Бул күнү шаардык шайлоо комиссиясы арыздарды толук карап чыкканга үлгүргөн жок.

XS
SM
MD
LG