Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:30

Баткенде мина боюнча окуу өттү


БАТКЕН. Улуттук «Кызыл жарым ай» коомунун мина коркунучун калкка түшүндүрүү долбоорунун алкагында Баткендин Өзбекстанга чектеш аймактарындагы мектептеринин мугалимдерине ушул айдын он биринен он үчүнө дейре окуу өткөрүлдү. Ага мина көмүлгөн аймактарга жакын турган Баткен районундагы Чоңкара, Газ, Таян жана Сай айылдарындагы мектептердин ар биринен төрт-бештен мугалим катышып, аларга үч күн бою минадан сактануу жолдору үйрөтүлдү. Окуудан өтүшкөн мугалимдер эми окуучуларга мина коркунучтуулугу, алардан кантип сактануу керектиги тууралуу атайын сабактарды өтүп турушат.

Аталган долбоордун координатору Насира Баратбаева минага негизинен мектеп окуучулары көп кабылгандыктан буга дейре мындай окуулар аталган айылдардагы балдарга өткөрүлүп келгенин белгилеп, бирок аларга окууларды такай өткөрүүгө мүмкүнчүлүк болбогондуктан бул жөрөлгөнү жегиликтүү мугалимдер аркылуу улантуу натыйжалуу деп эсептейт.

XS
SM
MD
LG