БИШКЕК. Кыргызстандык жигиттер Орусия армиясында кызмат өтөп калышы ыктымал. Бул тууралуу бүгүн Коргоо министрлигинде өткөн маалымат жыйынында Кыргызстан куралдуу күчтөрүнүн уюштуруу жана мобилизациялоо башкармалыгынын башчысы, полковник Замир Молдошев билдирди. Бул тууралуу Орусия бийлиги менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү мыйзамдык документтер жана келишимдер даярдалууда.
Полковник Замир Молдошев билдиргенге караганда, Кыргызстанда президент Аскар Акаевдин жардыгына ылайык аскерге күзгү чакырык башталды. Бу жолу кыргыз армиясынын катарын 3000 аскер толуктайт. Ушул күндөрү кыргыз армиясында контракт менен 1000ге чукул аскер кызмат өтөп жатат. Коргоо минитсрлигине бөлүнгөн каражаттын өлчөмүнө жараша жылдан жылга контракт менен аскердик милдет өтөгөндөрдүн санын көбөйтүү максаты коюлууда. Полковник Замир Молдошев 2010-жылы алардын саны бир кыйла көп болот деп ырастады.