Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:15

Илимпоздор президентке кайрылышат


БИШКЕК. Быйылкы жылы шарп ылаңы Кыргызстанга 500 миллион сом зыян алып келди. Эгерде ушул каражаттын бир эле пайызын бизге бергенде бул ылаңдын чыгаар очогун аныктап, тийиштүү чараларды көрүүгө болот эле, деп билдирди Улуттык академиянын мал чарба жана ветеринария институтунун директору Зарылдык Нургазиев бүгүн Мыйзам чыгаруу жыйынынын билим, илим жана маданият боюнча комитетинин жыйынында.

Комитет жыйынында ошондой 25 жыл эмгектенген мугалимдерди эс алууга чыгаруу, Жогорку окуу жайларга атайын эсептерди ачууга уруксат берүү жана илимий даражасы үчүн окутуучуларга кошумча акыны көбөйтүү маселеси каралды. Бул маселелерди чечүүгө жардам берүүнү өтүнүп президентке кайрылуу кабыл алуу тууралуу чечими кабыл алынды.

XS
SM
MD
LG