Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Буш менен Керринин чечүүчү телебеттеши эртең болот


АКШнын президенти Жорж Буш жана анын келерки шайлоодогу башкы атаандашы, сенатор Жон Керринин чечүүчү үчүнчү теледебаты эртең бейшемби күнү Бишкек убактысы боюнча таңкы саат жетиде башталат.
Жалпы өлкөгө көрсөтүлчү 90 мүнөттүк телетаймашта негизинен өлкө ичинде абал жана Ак Үйдүн экономикалык саясаты жөнүндө кеп болот.

Мурдакы эки теледебат учурунда Буш менен Керри Ирандын жана Түндүк Кореянын өзөктүк программасы, терроризмге каршы күрөш маселеси боюнча өз ара курч пикирлерин айтышкан.

Сурамжылоолор Буш менен Керринин президент шайлануу дарамети бирдей экенин көрсөтүүдө.
Президенттик шайлоо 2-ноябрда болот.

XS
SM
MD
LG