Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:51

Президент Путиндин Бээжинге аттанар алдындагы чакырыгы


Россиянын президенти Владимир Путин дүйнө коомчулугун террорчулукка каршы чогуу күрөшүүгө чакырды. Анын кытайлык журналисттер менен Москвада өткөн кездешүүдө айтышынча, коопсуздук күчтөрүн жаңы геосаясаттын ажырагыс бөлүгү деп таануу зарыл:

-Террорго каршы күрөшкөн бардык атайын кызматтар, бардык күч колдонуу агенттиктери эки уюлдуу дүйнө "кансыз согуш" менен бүткөнүн түшүнүш керек. Азыр биргелешип аракеттенүү гана натыйжага алып барчу жаңы коркунучтар пайда болду.

Путин ошондой эле Кытай же Японияга мунай сатуу жана соода маселесинде, Россия өз кызыкчылыгын биринчи орунга коёт деп эскерти.

XS
SM
MD
LG