Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

АКШнын сунушун НАТОнун башкатчысы колдоп, Германия каршы чыкты


АКШлык дипломаттын Ооганстандагы бардык аскерий операцияларды НАТОго өткөрүп берүү сунушу альянстын мүчөлөрү арасында карама-каршы пикирлерди жаратты.

Германиянын коргоо министри Питер Струк Румыниядагы НАТОнун жыйынында анын өлкөсү АКШнын сунушуна каршы экенин айтып, НАТОлук аскерлерге террорчулукка каршы күрөшүү эмес, стабилдүүлүктү камсыздоо милдети жүктөлгөн деп билдирди.
Бирок НАТОнун башкы катчысы Яап де Хооп Схеффер АКШнын чакырыгына колдоо көрсөттү:

- (Ооганстанда) эки башка миссия аткарган күчтөрдү узак мөөнөт кармоо оңтойлуу эмес. Ошон үчүн эки миссияны бириктирүүнүн амбициялуу планы даярдалган. Андан улам, бул маселени альянс дагы тереңдетип, анын майда-чүйдөсүн талкуулаары анык деп ойлойм.

Азыр Ооганстанда согуштук миссия аткарган 18 миң америкалык аскер, ошондой эле 9 миң чамалуу НАТОнун жоокери бар.

XS
SM
MD
LG