Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:52

Генерал Барно: Ооганстандагы шайлоо-өлкөдөгү бурулуш учур


Ооганстанда болгон президенттик шайлоо терроризмди жеңүүгө олуттуу салым кошот деп санайт АКШлык генерал Дэвид Барно.
Ооганстандагы АКШ аскерлери башындагы коалициялык күчтөрдүн командачысы Дэвид Барно Кабылда журналисттер менен болгон кездешүүдө:


- Бул шайлоонун ишенимдүү жеңиши - талиптер жана “ал-Каида” үчүн стратегиялык жоготуу жана Ооганстан, ооган эли үчүн бурулуш учур. Шайлоо, демократияга жана эркиндикке таянган тынч саясый жараян ар качан террордук коркунучтун жана зобун зордуктун жеңүүчүсү болгон.

Мурдараак убактылуу өкмөттүн башчысы Хамид Карзайдын күчтүү атаандашы, улуту өзбек генерал Абдурашид Достум президенттик шайлоону бойкот кылуудан баш тартканын билдирген. Достум шайлоо учурунда мыйзам бузуулар болду дегени менен, анын жыйынтыгын таанууга да көнгөн.

XS
SM
MD
LG