Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:05

КЫРГЫЗСТАНДЫК САЛИЖАН ШАРИПОВДУН КОСМОСТУК САПАРЫ БАШТАЛДЫ


Кыяс Молдокасымов, Бишкек 14–октябрда Бишкек убактысы боюнча таңкы саат 5тен 6 мүнөт өткөндө кыргызстандык космонавт Салижан Шарипов жетектеген «Союз ТМА-5» космостук корабли Байкоңурдан орбитага көтөрүлдү. Аны Кыргызстандан барган Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов, космонавтын бир туугандары, классташтары узатты. Салижан Шарипов космос мейкиндигинде алгачкы жолу 1998-жылы 22-январдан тартып 10 күн болгон, бул жолу анын космос сапары 6 айга созулат.

Кайрадан аалам мейкиндигине көтөрүлгөн Салижан Шарипов өзү туулуп өскөн Мекени менен ар дайым сыймыктанаарын айтып келет. Өз Мекенинин атуулу катары ал 1998-жылы алгачкы жолу аалам мейкиндигинде болгон учурунда Кыргызстандын туусун, Манастын эмблемасын өзү менен кошо ала чыккан. Бул тууралуу өткөн айда “Азаттыкка” телефон аркылуу куруп берген маегинде Салижан Шарипов мындай деген:

-Мен Кыргызстанда туулуп өскөмүн. Ошон үчүн Кыргызстан менин Ата Мекеним деп ойлоймун. Ошон үчүн биринчи учушумда да өзүм менен Кыргызстандын топурагын, Туусун, Манастын эмблемасын алып чыккамын .

Салижан Шарипов быйыл туура 40 жашта. Ал Ош областынын Өзгөн шаарында төрөлүп, ошол жерде өсүп чоңойгон. Шаардагы Фрунзе атындагы мектептен билим алган. Харьковдогу жогорку аскердик-учкучтар окуу жайын бүтүргөн. Окуусун бүткөн соң мекенине кайтып келип, Токмок шаарындагы окуу-машыгуу полкунда эмгек жолун баштаган.

1990-жылдан космонавттарды даярдоо борборунда – “Жылдыздар шаарчасында” татаал даярдык окуунун баскычтарынан өтүп, сыноочу-космонавт жана инженер-эколог кесибине ээ болот. Кийинчерээк Шарипов атайын тандоодон өтүп, АКШдагы Лондон Жонсон атындагы учкучтарды даярдоо борборунда америкалык коллегалары менен бирдикте “Спейс-шаттлдын” космостогу системасын толугу менен өздөштүрүп, 1998-жылы 22-январда Канаверал тумшугунан “Шаттл STS Endeowor” космос корабли менен учкан.

Бул жолу Салижан Шарипов Оруссия-Америкалык биргелешкен эл аралык “Союз ТМА-5” экипаждын командири катары аалам мейкиндигине көтөрүлдү. Ал менен 6 ай бою НАСАнын борт-инженери, америкалык астронавт Лероя Чиао бирге болот. Бул аралыкта алар ааламдын ачык мейкиндигинде бир нече жолу болоорун жана 100дөй ар кандай изилдөө иштерин жүргүзөөрүн Салижан Шарипов “Азаттыкка” кабарлаган:

-Биздин программабыз өтө кеңири. Ачык космоско чыккандан башталып, станциянын иштөөсүнө көз салабыз. Мындан сырткары 100гө жакын илимий эксперменттерди жасайбыз .

Салижан Шарипов бул жолу да өзү менен кошо Кыргызстандын туусун, ошондой эле Бишкек шаарынын эмблемасын ала кетти. Аны космонавт өзү айтып берди:

-Мен өзүм менен Кыргызстандын байрагын жана Бишкек шаарынын эмблемасын алып чыгып кетип жатам .

Адаттагыдай бул жолу да аны узатууга жакын туугандары, достору, классташтары, расмий бийликтин өкүлдөрү барышты. Ал тууралуу учурда Байкоңурда жүргөн бир тууган эжеси Матлюба Шарипова инисин узатууга жөнөп кетээр алдында “Азаттыкка” буларды кабарлаган:

-Кыргыз өкмөтүнөн, коомчулуктан өкүлдөр жана жакын достору, жакын туугандары барат .

Ошентип 14-октябрда кыргызстандык космонавт Салижан Шариповдун 6 айлык космостук сапары башталды. Түн бир оокумда асмандагы бажырайган жылдыздарга бир саамга көз салсаңыз алардын арасынан акырын жылып, анда-мында көрүнө калган спутниктерди көрө аласыз. Мына ошол спутниктердин бирин кыргызстандык космонавт Салижан Шарипов башкарып, өз мекенине кусалыгы артып, туугандарын, жердештерин эстеп өтө бийктикте учуп бараткан болот.

XS
SM
MD
LG