Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:26

15-октябрга аба ырайы тууралуу маалымат


Аба ырайы боюнча шашылыш билдирүү: Синоптиктердин кабарлоосу боюнча октябрдын он бешинен он сегизине чейин Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрөт. Жамгыр жаап, тоолорго кар түшөт. Кээ бир дыйканчылык аймактарда абанын температурасы –1 градустан -4 градуска чейин суук болуп, үшүк жүрөт. Үшүктүн жүрүшү айыл чарбасындагы түшүм жыйноо иштерине терс таасирин тийгизиши ыктымал.

15-октябрда республика боюнча жамгыр жаайт.
ЧҮЙ өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн +2…+7, күндүз +4…+9 градус жылуу.
ТАЛАС облусунда түнкүсүн 0…+5 градуска жылуу болот. Күндүз +3…+8 градустун айланасында.
ЖАЛАЛАБАД, БАТКЕН, ОШ дубандарында түнкүсүн +4…+9, күндүз +11…+16 градус жылуу.
ЫСЫККӨЛ аймагында түнкүсүн +2…+6, күндүз +8…+13 градус.
НАРЫНДА түнкүсүн 0…+5 градус, күндүз +8…+13 градус жылуу.
БИШКЕКТЕ жамгыр жаап, кеч курун карга айланышы күтүлөт. Абанын температурасы түнкүсүн +4…+6, күндүз +6…+8 градус болот.

Кыргызстандагы соңку жаңылыктарды Чолпон Орозобекова, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдашты.

Редактор Кубат Оторбаев.

XS
SM
MD
LG