Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:18

14-октябрда Жалалабад облусунда республикалык олимпиада башталды


ЖАЛАЛАБАД. Республикалык төртүнчү олимпиадалык оюндардын алгачкы күнү баскетбол, волейбол, футбол, жеңил атлетика, бокс, дзюдо күрөшү, стол тенниси, шахмат боюнча эркектер жана аялдар арасында мелдештер менен коштолду.

Спорттук таймашуулар Жалалабад жана Кочкората шаарларынын стадиондору менен спорт залдарында өтүп жатат. 19-октябрда жыйынтыкталуучу спорттук оюндардын 12 түрү боюнча жүрүп жаткан мелдештерге өлкөнүн бардык облустары менен Бишкек жана Ош шаарларынын тогуз командасынын 1700дөн ашык мүчөсү катышууда. Бирок олимпиаданын расмий ачылышы 15-октябрга бегиленген. Спорт оюндарын мыкты өткөрүүгө бардык шарттар уюштурулганы облустук бийликтин бейшемби күнкү маалыматынан белгилүү болду.

XS
SM
MD
LG