Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Март, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:02

Шайлоонун жыйынтыгы Талас облусунда чыкты


ТАЛАС. Облустук шайлоо комиссиясынын төрагасы Жантөш Жусупбековдон 14-октябрда алынган маалыматка караганда, 10-октябрда шайлоочулардын 75,9 пайызы добуш берүүгө катышкан. Добуш берүүдө эң активдүүлүктү 88.8% менен Талас району көрсөтсө, Талас шаарында добуш берүүгө 40,2 пайыз шайлоочулар гана келишти. Жеңишке ээ болгон 512 талапкердин 413 адам саясий партиялардын өкүлдөрү деп айтылууда.

Бирок жергиликтүү байкоочулардын билдиргенине караганда саясий партиялардын бул көрсөткүчү КПССтин убагындагы жалган маалыматка жакындап баратат.

Шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзгөн «Демократия жана атуулдук коом үчүн» коалициясынын Талас аймактык өкүлчүлүгүнүн маалыматтарына караганда, добуш берүүдө бир катар мыйзам бузуулар орун алып, аларды убагында прокуратура, коопсуздук органдары, аткаруу бийлиги кийлигишип четтетүүгө үлгүрүшкөн. Облустук шайлоокомго «Жамааттар келечеги» деп аталган бирикмеден гана бир арыз түшкөн.

XS
SM
MD
LG