Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 10:14

Салижан Шарипов космоско учту


БИШКЕК. Байкоңур космодромунан бүгүн эртең менен космоско сапар алган Салижан Шариповду Кыргызстандан атайын барган өкүлдөр узатты. Мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимов баштаган кыргызстандыктар "Союз ТМА-5" космостук кемеси учар алдында мекендешине кыргыз жеринин бир ууч топурагын, Аскар Акаевдин жаңы чыккан китебин жана Бишкек, Өзгөн калааларынын эмблемаларын беришти. Ал эми Салижан Шарипов мындан бир ай мурда "Азаттыкка" берген маегинде Кыргызстандын желегин космоско ала барарын билдирген болчу:

- Мен космоско Кыргызстандын желегин жана Бишкек шаарынын эмблемасын алып кетип жатам. Кыргызстанда туулуп өскөндөн кийин бул жер менин ата-журтум деп ойлойм.

Кыргызстанда туулуп өскөн Салижан Шарипов 1998- жылы «Мир» орбиталык станциясында космоско учкан.

XS
SM
MD
LG