Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:58

Бейөкмөт уюмдар шайлоодогу мыйзам бузууларды айтышууда


БИШКЕК. Жергиликтүү кеңешке шайлоонун жүрүшүндө айрыкча башкалаада ун, шекер жана акча таратып добуш сатып алуу аракеттери болду. Мындай пикирин Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева "Кабар" агенттигинде билдирди. Ошондой эле бу жолу «колунда акчасы жана артында чоң бизнеси бар талапкерлер өтөөрү далилденди» деп билдирди Үмөталиева айым.

Бейөкмөт жана коммерциялык эмес уюмдар ассоциациясынын байкоолоруна караганда, Бишкек шаардык кеңешинин 70 пайызын чоң бизнестин өкүлдөрү, 10 пайызын мамлекеттик кызматкерлер, 2-3 пайызын гана аялдар түзөт.

Токтайым Үмөталиеванын пикиринде, алдыдагы парламенттик шайлоонун ачык-айкын жана демократиялуу болушу үчүн аялдар, жаштар, мамлекеттик кызматкерлер өңдүү катмарлар үчүн квота киргизүү керек. Бирок айрым саясий чөйрөлөр сунуштап жаткан бармакка белги коюу ыкмасына ал каршы.

10-октябрдагы шайлоонун жүрүшүнө бул уюмдан 2000ден ашык байкоочу көз салган.

XS
SM
MD
LG