Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:37

НАТОнун башчысы Бишкекке келет


БИШКЕК. 19-октябрда Бишкекке Түндүк Атлантика Альянсынын башчысы Яаап де Хооп Схеффер келет. «Бейпилдик үчүн шериктештик» аттуу программанын алкагында Кыргызстандын мамлекеттик жетекчилиги менен терроризм, экстремизм жана башка сырткы коркунучтарга каршы биргелешип күрөшүү маселелери талкууланат. НАТОнун жетекчисинин президент Аскар Акаев, өкмөт башчы Николай Танаев жана башка өкмөт мүчөлөрү менен жолугары күтүлүүдө.

Бул Яаап де Хооп Схеффер НАТОнун башчысы катары Кыргызстанга биринчи жолу келиши. Буга чейин ал Бишкекке ЕККУнун жетекчиси кызматын аркалап турганында келген.

XS
SM
MD
LG