Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:11

Парламенттин комитети сот чечимин туура эмес деп тапты


БИШКЕК. 14-октябрда Мыйзам чыгаруу жыйынынын соттук-укуктук жана мыйзамдуулук боюнча комитетинде «Арнамыс» партиясынын абактагы лидери Фелис Куловдун арызы каралды. Арызда Кулов Биринчи май райондук сотунун ага карата Кылмыш кодексинин 38-беренесинин туура пайдаланышын жана анын абакта отуруу мөөнөтү 2000-жылы 22-мартта камакка алынгандан тарта эсептелеби же Биринчи май райондук соту белгилегендей 2001-жылдын 26-июлунан тарта башталабы, - мына ушуларды тактап берүүнү өтүнгөн.

Азимбек Бекназаровдун төрагалыгы астында өткөн комитет жыйынында Биринчи май райондук сотунун чечимдери туура эмес экендиги белгиленип, Феликс Куловго Сокулук райондук соттун 2004-жылдын 13-августундагы чечимин жокко чыгаруу үчүн Жогорку сотко апелляциялык арыз менен кайрылуу сунушталды.

XS
SM
MD
LG