Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:53

Конституциялык сот атуулдардын арызын канааттандырды


БИШКЕК. 14-октябрда Конституциялык сот Кыргызстандын төрт атуулунун арызын карап, аны канааттандырды. Май-июль айларында сотко жолдонгон арызда Төлөйкан Исмаилова, Нурлан Данияров, Анатолий Новиков жана Татьяна Калышникова 2002-жылы Мыйзам чыгаруу жыйыны кабыл алган «Атуулдардын эркин, тынчтык максатта чогулуу, жүрүш, митинг жана демонстрацияларды өткөрүү укугу жөнүндөгү» мыйзамдын Конституцияга карама-каршы келерин белгилеп, ошого байланыштуу мыйзамдын 5-, 6- жана 7-беренелерин жокко чыгаруу өтүнүчүн билдирген.

Мыйзамдын бул беренелеринде атуулдар митинг, жүрүш өткөрүү үчүн жергиликтүү бийликтен уруксат алыш керектиги жазылган эле.

Конституциялык сот мыйзамдын аталган беренелери Конституциянын 16-беренесине каршы келет деп, алар күчүн жоготкондугу тууралуу чечим кабыл алды.

XS
SM
MD
LG