Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:47

Рауль Хаджимбанын арызы кийинкиге калтырылды


Абхазиянын Жогорку соту жумурияттын мурдагы премьери Рауль Хаджимбанын арызын кароону кийинкиге калтырды. Хаджимба 3-октябрда өткөн президенттик шайлоодо бурмалоолорго жол берилгенин айтып, анын жыйынтыктарын жокко чыгарууну жана жаңы шайлоо өткөрүүнү талап кылган.
Жогорку соттун төрайымы Алла Авидзба Борбордук шайлоо комиссиянын мүчөлөрү толугу менен чогулмайынча, сот бул ишти карабайт деп билдирди.
Комиссиянын төрагасы жана 3 мүчөсү шайлоону оппозициянын талапкери Сергей Багашип утуп чыкты деген чечимге нааразылык иретинде кызматтарынан чегинген.

XS
SM
MD
LG