Россия НАТОго Жер ортолук деңизиндеги шектүү кемелерди көзөмөлдөөгө жардам бермей болду. 2001-жылдын сентябрынан кийин башталган иш-чарага катышуу үчүн Россия эки аскерий кемесин жибермекчи. Мындай макулдашууга Альянстын бүгүн Румынияда өткөн жыйынында жетишилди. НАТОнун баш катчысы Яап де Хооп Схеффер терроризмге каршы күрөш эки тараптын тең кызыкчылыгында экенин баса белгиледи.