ЖАЛАЛАБАД. Облустук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча 10-октябрдагы шайлоодо 1231 жаран айылдык, шаардык кеңештердин депутаты болуп калды. Алардын 148 аялдар, 166 депутат башка улуттун өкүлдөрү, шайлоого катышкан 6 саясий партиянын 733 мүчөсү жергиликтүү кеңештердин депутаты күбөлүктөрүн алууга укуктуу болду. Саясий уюмдардын арасынан коомчулук туура байкагандай эң көп орун “Адилет” партиясына тийди. “Адилеттин” 370 өкүлү депутаттыкка жетти, ал эми “Алга, Кыргызстан!” уюмунан 341 мүчө депутат болсо, үчүнчү орун 8 өкүлү утуп чыккан “Атамекен” партиясына тиешелүү болду. “Компартиядан” 6, “Менин өлкөм” уюмунан 5, “Элет” партиясынан 3 адам шайланды.